Кыргызстан 21-кылымда интернет, компьютерлер, смартфондор жана электрондук кызмат көрсөтүүлөргө толуп-ташып калды. Бүгүнкү күндө жаңы технологиялар биздин жашообуздун бардык сфераларына кирди. Турмуш-тиричиликте, жумушта, көчөдө, биз жашоону интернетсиз элестете албай калдык. Коомдун көбүрөөк активдүү бөлүгү болгон бизнес өз ишине жаңы технологияларды киргизгенине көп болду. Дүкөндөрдө сатып алуулар, лабороторияларда анализдердин жыйынтыгы, онлайн-тренингдер жана видео-конференцияларды эми дивандан турбай жатып эле жасаса болот. Алтургай Бишкектеги жөнөкөй эле кафелерде официанттар ашканага буюртманы интернеттин жана өздөрүнүн смартфонунун жардамы менен жөнөтө алат.
Смартфондордун пайда болушу менен бүтүндөй дүйнө биздин чөнтөгүбүздө болуп калгандай болду. Көрүнүшү жөнөкөй эле болгон аспаптын жардамы менен биз планетанын эң эле алыскы бурчуна бара алабыз, дүйнөнүн өтө баалуу сырларына кирип жана ысыгы кетелек жаңылыктарды билебиз. Маалыматтар планета боюнча көз ачып жумганча бир чоң нерв системасы сыяктуу дүйнөнүн ар бурчунан тиешелүү реакцияларды чакыра айланат. Биз, адамзаты планетанын нейрондору болуп калдык. Маалыматтардын ылдамдыгы жана анын иштелип чыгышынын тездиги бизди аябагандай фантастикалык натыйжасы бар бирдиктүү үлкөн планетардык мээге айлантып коюшу мүмкүн.
Кыргызстан бул багытта убакыттан калышпай өнүгүп жатат. Эгерде Кыргызстанда тоо рельефинен улам зым аркылуу тартылган интернеттин кириши төмөн болсо, мобилдик интернеттин кириши жетишээрлик жогору. Бүгүнкү күндө 99% кыргызстандыктар мобилдик түйүндөр менен камтылган, ал эми 4G форматындагы жогорку сапаттагы мобилдик интернет Кыргыз Республикасынын 94%ында бар. Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен калктын 4G кеңири тилкелүү мобилдик интернети менен камсыздалганы боюнча алдыңкы позицияда. Кыргызстандын 63% калкы, 15 жаштан жогору курактагылары Интернетти пайдаланат жана жылына алардын саны 38%ка өсүүдө (башкача айтканда, болжол менен жылына 500 миң жаран).
Мындан сырткары, Cable.co.uk британдык изилдөө компаниясынын маалыматы боюнча, Кыргызстан интернеттин арзандыгы боюнча дүйнөдө экинчи (Индиядан кийинки) жана КМШда биринчи ээлейт. Бул биздин мамлекетте маалыматтык технологияларды өнүктүрүүнүн чоң перспективалары бар экенин айтып турат.
Интернеттин баасынын төмөндүгүнөн тышкары, Кыргызстан бекер спутник интернетине ээлик кылган региондогу биринчи мамлекеттердин бири боло алат. Себеби Кыргызстан OneWeb британиялык компаниясынан уюштурулган спутник интернетинин долбооруна катышкан дүйнөнүн алты өлкөсүнүн бири болуп калды.
Интернет жана жаңы технологиялар экономикага, билим берүүгө жана кыргызстандыктардын турмуш-тиричилигине гана эмес, мамлекеттик башкарууга да кирип жатат. 2018-жылы «Түндүк» электрондук карым-катыш Борбору түзүлгөн, максаты мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук карым-катышты, ошондой эле жарандар үчүн онлайн режимде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү которуу болуп саналат. 2019-жылы X-Road эстондук моделдин базасында электрондук башкаруу системасынын негиздерин киргизүү боюнча жакшы ийгиликтерине «Түндүк» эл аралык сыйлык алды. Бүгүнкү күндө «Түндүк» системасына 67 мамлекеттик орган туташкан жана электрондук маалыматтарды алмашып турат; жарандар 103 мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн 80ден ашуунун интернет аркылуу ала алат. Мындан тышкары, Кыргызстандын жарандарынын 2017-жылдан тарта берилген паспортторунда (ID-card) ээсинин персоналдык жана биометрикалык маалыматтары жазылган жана кошумча электрондук-санариптик кол тамгаларынын ачкычы бар. Ал ар бир жарандын катасыз идентификацияланышын жана анын добуш берүү укугун түрдүү санкцияланбаган пайдалануу аракеттерине жол бербейт.
Электрондук өкмөт 21-кылымда кадыресе көрүнүш болуп кала турганы тууралуу өткөн жүз жылдыктын 90-жылдары эле өтө кадыр-барктуу аналитикалык институттардын окумуштуулары жазышкан. Азыр чындыгында эле Кыргызстан электрондук өкмөттү киргизүү боюнча Борбор Азияда экинчи орунду ээлейт. Бирок, окумуштуулар санариптештирүүнүн мамлекеттик башкарууга киргизүү менен гана токтоп калышкан эмес жана ошондой эле санарип демократиясынын (electronic democracy) концепциясын да иштеп чыгышкан. Электрондук демократия бул келечектеги мамлекеттин үлгүсү, анда парламент, саясий партиялар жана депутаттар өткөн чак катары жок болот, себеби ар бир жаран интернет боюнча компьютер же мобилдик телефон аркылуу тигил же бул мыйзам долбооруна жана мамлекеттик чечимдерге өзү добуш бере алат. Жарандар өздөрү демилгелейт, комментарий калтырат, добуш берет жана мындай жол менен интернет аркылуу мыйзам долбоорлорун жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алат. Жарандардын бардык демилгелери, комментарийлери жана сунуштарынын баарын кароо, ошондой эле бардык документтерди иштеп чыгуу менен юристтердин атайын тобу алек болот. Кабыл алынган чечимдерди реализациялоо менен азыркыдай эле өкмөт иштейт. Мындай жол менен бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы парламенттен түз жарандарга өтөт, ал эми өкмөт жана сот бийлиги биз үчүн көнүмүш режимде калат.
Электрондк демократияны киргизүүнүн лидерлери болуп Эстония, Исландия, Швейцария саналат. Бул мамлекеттер этап менен санарип технологиясын мамлекеттик башкарууга киргизүүдө жана келечекте толугу менен парламенттен баш тартууну жана электрондук демократиянын принциптерине өтүүнү пландоодо. Алар жаңы үлгүгө этап менен өтүүгө аргасыз, себеби көп кылымдык тарыхы, ишиндеги жогору эффективдүүлүгү бар жана калктын ишениминдеги парламенттен заматта эле баш тарта алышпайт.
Алардан айырмаланып Кыргызстанда парламент көп кылымдык тарыхка да, ишиндеги эффективдүүлүккө да, калктын ишенимине да ээ эмес. Кыргызстанда депутаттар пайдага караганда, көбүрөөк зыян алып келишет! Өнүгүү жана бакубатчылыктын ордуна, алардын жоопкерчиликсиз ишмердүүлүгү коррупцияны, казына уурдоочулукту, улам кайталанган төңкөрүштөрдү жана башаламандыктарды жаратат…
Бүгүн биздин мамлекетте уурулардын саясий кызматынан, казына тоноочулардан, кошоматчылардан жана бийликти сүйгөн сабатсыздардан биротоло кутулууга жана өнүгүүдө дагы бир секирик жасоого уникалдуу тарыхый кырдаал түзүлдү. Ал үчүн Эл Курултай (Эл – «элдик» жана «электрондук») киргизүү керек, анда Кыргызстандын бардык калкы парламент, ар бир жаран депутат болот. Мындай жол менен биздин мамлекет адамзат тарыхындагы жөн гана биринчи түз санарип демократиясы гана болбостон, өзүнүн топтолгон маселелерин чечет.
Биринчиден, Эл Курултай корруцпияны төмөндөтөт, себеби бардык мыйзамдар жана чечимдер 120 депутаттын жана алардын туугандарынын кызыкчылыгында эмес, жалпы коомдун кызыкчылыгында жарандардын өздөрү тарабынан ачык жана айкын кабыл алынат.
Экинчиден, добуштарды сатып алуу же чечимдерди кабыл алуучу адамдарга басым жасоо тобокелчилиги төмөндөйт, себеби адамдардын санынын көптүгүнөн улам. Же Эл Курултайдын 3,5 миллион адамын сатып алуу же коркутууга караганда парламенттин 120 депутатын сатып алуу же басым жасоо алдканча жеңил жана байкалбай тургандай.
Үчүнчүдөн, шайланган 120 депутаттын жоктугу аларды камсыздоого жылына сарптала турган 10 миллион долларды үнөмдөйт, ал эми 120 депутатты ар беш жылда шайлоо токтосо дагы ар беш жылда сарпталуучу 10 миллион доллар үнөмдөлөт. Ошондой эле аягы тыйылбаган революциялардан жана ага байланыштуу жаралган улуттук коопсуздук маселелеринен кача алабыз.
Булар аталган үлгүнүн шексиз саясий артыкчылыктарынын бири. Кыйыр же оң жыйынтыктарын азыр баалаш кыйын, бирок алар мамлекеттик башкарууда гана эмес, укук, экономика, айлана-чөйрөнү коргоо жана алтургай маданият сфераларында да болот.
Мамлекеттик башкарууга мындай инновациялык үлгүнүн киргизүүдө мүмкүн боло турган тобокелчиликтерди да эске алуу керек, андыктан окумуштуулар ал тобокелчиликтерди санап гана койбостон, аларды чечүүнүн жолдорун да эске алышкан.
Биринчиден, чоочундардындын кирип кетүүсү жана хакердик чабуулдар үчүн системанын алсыз тобокелчиликтери эске алынган. Жаңы технологиялардын күнүгө болуп жаткан прогресси бүгүнкү күндө мындай тобокелчиликтерди төмөндөтө турган түрдүү ыкмалар бар экенин көрсөтүп турат. Мисалы, блокчейн системасы. Мындан сырткары кепилденген коопсуздук үчүн ар бир жаран жыйынтыкты карап жана добуштарды санай ала тургандай ачык добуш берүү жасаса болот.
Экинчиден, калктын көпчүлүк бөлүгү өздөрүнүн компетенттүү эместигинен улам маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда даяр болбой калышы мүмкүн экендиги боюнча тобокелчилик эске алынган. Бирок, бүгүнкү күндөгү мыйзам долбоорлорун кабыл алып жаткан 120 депутат да бардык сфералар боюнча эксперт эмес. 3,5 миллион адамдын арасынан тигил же бул сфераны түшүнө билген адамдар 120нын арасынан караганда көбүрөөк чыгары түшүнүктүү. Андыктан жалпыга таанылган эксперттер маселе жалпы добуш берүүгө чыкканга чейин (бүгүнкү күндө парламентте кандай болуп жатса ошол сыяктуу) өздөрүнүн оң бүтүмүн чыгара турган атайын тематикалык комитеттерди түзсө болот. Мындан сырткары, эксперттер тигил же бул мыйзам долбоорунун же чечимдин оң жана терс жагдайлары тууралуу калкка активдүү маалымат берет (бүгүнкүдөй эле). Анан дагы көптөгөн компетенттүү эмес жарандар бүгүнкү күндө шайлоого барбай жаткан сыяктуу эле добуш беришпейт. Пайдубалдык маселелер боюнча, мисалы суверенитет, светскость, адам укугу, булар алдын-ала Конституцияга өзгөрүлбөй тургандай кылып бекитилиши керек.
Кыргызстан көптөгөн маанилүү маселелерде биринчилерден болуп келген. Биздин мамлекет Борбор Азияда биринчи болуп өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган, КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчи болуп улуттук валютасын киргизген жана Дүйнөлүк соода уюмуна кирген, региондо биринчи болуп өзүнүн президентин алмаштырган жана муну бир нече жолу кайталады. Биздин эл эрдик жана тайманбастык кадамдарды жасоого көндү, тайманбастыгы кээ бирлерин чоочутса, башкаларын суктандырат. Биз кезектеги революцияны жасай алабыз, бирок бул жолу тынчтык жолундагы, илимий негизделген, прогрессивдүү жана кубанычтуу революцияны. Мамлекеттик төңкөрүштөрдүн дүйнөлүк лидери болуу жетиштүү, андан көрө санарип демократиясынын лидери бололу! Ал үчүн бүгүнкү күндө эки ыңгай бар: таптакыр чирип кеткен парламент, жарандардын ишенимин жоготкон саясий элита, элдин салттуу курултай институтун кайра жаратууга умтулуусу. Мына ушундай фондо калктын дээрлик 100% мобилдик интернет менен камсыз болушу, бардык керектүү техникалык шарттар, сабаттуу адистер, эң башкысы биздин элдин чечкиндүүлүгү жана эркиндикти сүйүүсү.
Автор: Саясий илимдердин доктору Азамат Темиркулов
Булак: elgezit.kg
Пикирлер (1)