Кыргызстанда эң мыкты кесип бул – прокурор кызматкери. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Эмне үчүн эң мыкты кесип? Себеби сенде бийлик бар. Орто эсеп менен айлык акыңар 30 миңден жогору. Иштеп жүрүп эгерде пенсия курагына чейин жетсең, жумуштан кетип жатканда 300 миң сом пособия алат экенсиң. Ал эми пенсияңар 50 миң сомдон өйдө”, - деп айтты депутат.
Дастан Бекешев
чек арачы болуп иштесең, чек арада өлтүрүп да кетиши мүмкүн экенин айтып, ошол
күнү керек болсо компенсация төлөнүп берилбей турганын, дарыгер болсоң чегере
турган компенсация да убагында бөлүнбөй турганын белгилели.
“Азыр бүтүрүүчүлөрдөн сурасаң прокурор болгулары келишет. Анткени прокурор кесибин аркаласаң Кыргызстанда жакшы жашоодо жашай аласың деп жооп беришет. Бара бергиле прокурорлор", - деп айтты депутат Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнө кайрылып.
Ошондой эле депутат Акылбек Жапаров бүгүнкү күндө прокуратура органдары саясат менен алектенип калганын айтып, көзөмөл органы катары гана укуктарды берүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн