Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда эң мыкты мектепти тандоо башталды

09.02.2022 09:54
606
Кыргызстанда эң мыкты мектепти тандоо башталды

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын эң мыкты мектептерин тандоону баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


8-февралда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын башчылары менен онлайн конференция өткөрдү. Министрдин орун басары аларга тандоонун максаты тууралуу айтып берип, «мыкты практикаларды, мыкты мугалимдердин тажрыйбасын үйрөнүү керек» экенин баса белгиледи.


Жумушчу топ министрликтин 2022-жылдын 4-февралындагы №107/1 буйругуна жана «Кыргыз Республикасынын мыкты мектептерин тандоо жөнүндө» жобого ылайык өзүнүн окутуу, билим берүү кызматтарын өнүктүрүү, заманбап окуу-методикалык комплекстерин, анын ичинде электрондук билим берүү булактарын түзүү жана пайдалануу тажрыйбасын, ийгиликтерин көрсөтүп бере турган мектептердин өтүнмөлөрүн карап чыгат.


Тандалган мыкты мектептердин презентациялары Билим берүү жана илим министрлигинин интернет-ресурстарына жайгаштырылат.


Тандоо тартиби тууралуу кошумча маалыматты министрликтин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн адиси Салтанат Өмүркановадан алууга болот (иш тел.: 0312 661046).


2022-жылдын 10-февралында Кант шаарындагы Д.П. Зубков атындагы №1 орто жалпы билим берүүчү мектеп-гимназиянын презентациясы пландалууда.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн