Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 11:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал турукташты

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал турукташты

Кыргызстанда акыркы күндөрү эпидемиологиялык абал турукташты. Мындай пикирин Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди. 

 


 Анын айтымында, акыркы жумаларда оорулардын саны азайып, эпидемиологиялык абал турукташууда. Бул маселеде бардыгынын салымы, биринчиден, бүтүндөй калктын эбегейсиз салымы бар, алардын ичинен алдын-алуу чараларын так сактагандарга жана COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөр, ошондой эле, калкка COVID-19 жөнүндө туура маалыматты жайылтып жана жеткирип жаткан дарыгерлердин эмгеги зор.

 

Ал белгилегендей, бардык аймактарда ооруга чалдыккандардын көрсөткүчү айкын түрдө төмөндөп жатат жана дарыланып жаткан адамдардын саны күн сайын азайып жатат. Дарыланып жаткандардын жана жаңы катталган учурлардын 99% вакцинаны ала элек адамдар.


 Жыйынтыгында, Зуридин Нурматова азырынча вирус толук жеңилди деп айта албайбыз. COVID-19 бул жаңы вирус жана ал дагы кандай өзгөрүлө турганын билбейбиз. Бирок, аны жок кылуу үчүн вакцина алгандан кийин пайда боло турган антитело керек экендиги так айтууга негиз бар. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн