Учтун айы 05, 2025
Убакыт: 04:10
USD
86.85
87.35
EUR
89.60
90.60
RUB
0.750
0.870

Кыргызстанда эрежесиз мушташтарды өткөрүүнү токтотуу керек, - Ташиев

02.01.2025 12:22
200
Кыргызстанда эрежесиз мушташтарды өткөрүүнү токтотуу керек, - Ташиев


Кыргызстанда эрежесиз мушташтарды өткөрүүнү токтотуу керек. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түз эфирге чыгып жасаган билдирүүсүндө билдирди.


Анын айтымында, эрежесиз мушташ спорт эмес жана ал жаштарга туура эмес үлгү көрсөтүүдө.


"Кыргызстанда эрежесиз мушташтарды өткөрүүнү токтотуу керек. Ага катышкан спортчулардын көбү 40, 50 жаштан кийин майып болуп калат. Бул спорт эмес, жөн гана мушташ. Учурда машыгып жүргөндөр спорттун олимпиадалык түрлөрүнө өтүшсүн. Мушташ күчтүү болууга умтултуп, жаштар үчүн туура эмес үлгү болууда. Бул мусулманчылыкка деле туура келбейт. Биз билим берүү жана илимди өнүктүрүүгө басым жасашыбыз зарыл. Жакшы келечек куруу үчүн ушул сыяктуу терс илдеттерден арылуу кажет", — деди Ташиев.


Ошондой эле ал мамлекеттик органдар арасында фейерверк атууну, жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүнү токтотуу зарылдыгын белгилеп, бул ысырапкорчулук экенин кошумчалады. Анын айтымында, жылына корпоративдерге орточо эсеп менен бир миллион доллардай коромжу болууда.


Соңунда УКМК төрагасы министрлердин, облус башчылардын, акимдердин жана башка чиновниктердин жаңы жылдык куттуктоолору орунсуз экенин айтып, президенттин, министрлер кабинетинин башчысынын жана Жогорку Кеңештин төрагасынын куттуктоосу жетиштүү болорун белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн