Кыргызстан боюнча эртең, 11-мартта күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Алардын маалыматына ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында туман түшүп, жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12 градус;
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;
Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +4…+9;
Бишкекте күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы +10…+12 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн