Жетинин айы 14, 2024
Убакыт: 23:23
USD
86.35
86.85
EUR
90.60
91.60
RUB
0.865
0.895

Кыргызстанда эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүүнүн көлөмү өстү

Кыргызстанда эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүүнүн көлөмү өстү


Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда тирүүлөй салмакта 366,9 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 366,9 миң тонна эт өндүрүлдү, бул мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7 717 тоннага же 2,1 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтүп турат.

Белгилей кетсек, республикада эт өндүрүүнүн жогоруулашы айыл чарба малдын көбөйүшү менен байланыштуу.

Сүт өндүрүү. 2024-жылдын январь-октябрь айында республикада 1577,6 миң тонна сүт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 37 миң 287 тоннага же 2,4 пайызга сүт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтөт.

Республикада сүт өндүрүүнүн өсүшү саан уйлардын саны былтыркы жыл менен салыштырмалуу 16,5 миң башка көбөйүшү жана уйлардын кунардуулугунун жогорулашы менен байланыштуу, уйлардын орточо сааны отчеттук мезгилде 55,6 кг көбөйүп 1780,6 кг түздү.

Жумуртка өндүрүү. Отчеттук мезгилде республикада 679 миң 686 даана жумуртка өндүрүлдү, бул былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 87388 миң даанага же 114,8-пайызга көбүрөөк болгондугун көрсөтөт. Республикада жумуртка өндүрүү бардык облустарында көбөйүүдө.

Жумуртка өндүрүүнүн жогоруулашынын эң негизги себеби тооктун саны 571,1 миң башка көбөйүшү жана тооктордун азыктуулугунун 18 даана жумурткага жогоруулашы менен байланыштуу.

Жүн өндүрүү. 2024-жылдын 1-ноябрына карата республикада 13 157,4 тонна жүн өндүрүлдү, бул көрсөткүч 243 тоннага көбөйүшү, же былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 101,9 пайызды түзгөнү байкалат.

Жүн өндүрүү республиканын бардык облустардын чарбаларында көбөйүшүү байкалат, эң негизги себеби - койлордун саны 37609 башка көбөйүшү жана 1 койдон кыркылган орточо жүндүн 0,3 кг жогоруулашы менен байланыштуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн