Бугу 07, 2024
Убакыт: 22:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Кыргызстанда этке болгон баа арзандаганы байкалууда

13.07.2023 11:50
305
Кыргызстанда этке болгон баа арзандаганы байкалууда


Кыргызстанда июль айында эттин баасынын төмөндөшү белгиленди. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.


Кой эти эң көп арзандады — бир эле учурда 9 сомго. Эгерде июнь айынын аягында өлкө боюнча орточо эсеп менен 590,08 сом болсо, 12-июлда баа 581,08 сомго чейин төмөндөгөн.


Ай башынан бери уй эти 4,57 сомго – 550,59 сомдон 546,0 сомго, жылкы эти 1,84 сомго, 491,26 сомдон 89,42 сомго арзандады.


Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча жалпы республика боюнча баалардын жана тарифтердин өсүшү 5,1 пайызды түзгөн. Азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктарды кошкондо баалар 3,6 пайызга өскөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн