Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:34
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргызстанда фейк аккаунттарды көзөмөлдөөгө акча жана техникалык каражаттар жетишсиз

27.01.2022 09:54
725
Кыргызстанда фейк аккаунттарды көзөмөлдөөгө акча жана  техникалык каражаттар   жетишсиз

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды ишке ашырчу орган аныкталбагандыгын, Маданият министрлигинин техникалык базасы, адистери жетишпей турганын билдирди.


“Бул иштерди жүргүзүү үчүн адистердин жана эксперттердин ичинен кошумча штаттык бирдиктер, тиешелүү каржылоо, анын ичинде зарыл болгон техникалык жабдууларды сатып алуу талап кылынат. Министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгында тогуз адис иштейт. Мындан тышкары, бул башкармалыкта маалымат мейкиндигин көзөмөлдөө жана ага талдоо жүргүзүү үчүн тийиштүү техникалык жабдуулар жана адистер жок”.


Чыңгыз Эсенгулов буга байланыштуу коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен Санарип министрлигине караштуу Байланыш жаатын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын базасында маалыматтык мейкиндикке байкоо жана талдоо жүргүзүү бөлүмүн түзүү натыйжалуу болорун белгиледи.


Жогорку Кеңештин депутаттары акыркы күндөрү интернеттеги жалган маалыматтан мамлекеттик кызматкерлерди көргөө зарылдыгын өкмөттөн талап кылышкан.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн