Кыргызстанда гепарин жана эноксапариндин запасы жетиштүү өлчөмдө бар. Бул тууралуу 25-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармек жана медициналык техника бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов билдирди.
Анын айтымында, жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн дары-дармектер жетиштүү.
Исабек Исмаилов жарандарды үйдө өз алдынча дарыланбоого чакырып, кандайдыр дары-дармек ичердин алдында дарыгерден кеңеш алууну сунуштады.
Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 175 адамдан аныкталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн