Бугу 16, 2024
Убакыт: 05:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда ички аба каттамдар токтотулат (фото)

24.03.2020 17:00
775
Кыргызстанда ички аба каттамдар токтотулат (фото)


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри онлайн режиминде катышкан республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында облустардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча маселелер жана коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча кабыл алынган комплекстүү чаралар талкууланды. Өлкөдөгү жана дүйнөдөгү жагдайды эске алуу менен медицина кызматкерлери, ыкчам кызматтар күчөтүлгөн тартипте ишин улантууда.

Тармактык министрликтердин жана мекемелердин, облустук администрациялдардын жетекчилери коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн тапшырмаларды аткаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер жана кабыл алынган чаралар жөнүндө маалымат беришти. 

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү 2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктурган 26 учур катталганын билдиришти. Жалпысынан республика боюнча COVID-19га кабылган 42 учур аныкталды. Алардын ичинен 14 киши Сауд Аравиясынан кичи ажалыктан келишкен, калгандары – алар менен байланышта болгондор. Бейтаптардын бардыгы тийиштүү медициналык жайларда медицина кызматкерлеринин кароосунда. 

Кубатбек Боронов аймактардагы санитардык-карантиндик посттордон өтүп жатканда азык-түлүк жана башка эл керектей турган товары бар чоң жүк ташуучу унаалардын логистикасына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.  

Ал өзгөчө абал учурунда бардык азык-түлүк сатуучу дүкөндөр, супермаркеттер, тамак-аш сатуучу базарлар, дарыканалар, медициналык мекемелер, коммерциялык банктар адаттагыдай жана жарандар үчүн ыңгайлуу болгон режимде иштерин эскертти. 

Ошондой эле жыйында атайын аба каттамдарынан тышкары ички авиарейстер убактылуу токтотула турганы айтылды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн