Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:36
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстанда ички дүң продукциянын көрсөткүчү дагы төмөндөдү

14.09.2021 09:08
1331
Кыргызстанда ички дүң продукциянын көрсөткүчү дагы төмөндөдү


Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) сегиз ай ичинде (январь-август) 405 миллиард сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 0,7 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 369 миллиард сомго жетип, 3,6 пайызга жогорулаган.

Товар өндүрүү тармагында өсүү темпи 7,6 пайызга төмөндөп, кызмат көрсөтүү тармагында 5,6 пайызга жогорулады. Ошондой эле өнөр жайда, курулушта жана айыл чарбада артка кетүүлөр болду.

"Мисалы, өнөр жай продукцияларынын көлөмү өткөн жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 7,3 пайызга азайып кетти. Буга фармацевтикалык (39,5 пайызга), химиялык продукциялардын (35,6 пайызга) жана металл буюмдарын өндүрүүнүн көлөмү (27,2 пайызга) кыскарганы себеп болду", — деп айтылат билдирүүдө.


Ошондой эле өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу керектөө баалары жана тарифтер 9,5 пайызга өскөн.

Мында тамак-аш продуктулары менен алкоголсуз суусундуктар 11,1 пайызга, алкоголдук ичимдиктер, азык-түлүк эмес товарлар 10,9 пайызга кымбаттаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн