Бугу 13, 2024
Убакыт: 19:48
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Ички каттамдагы жолдор качан ачылаары али белгисиз

20.05.2020 10:57
1015
Ички каттамдагы жолдор качан ачылаары али белгисиз


Кыргызстандын аймактары боюнча ички каттамдар качан ачыла турганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги чечпейт. Бул тууралуу министр Жанат Бейшенов Жогорку Кеңештин бүгүн, 20-майда депутат Бакирдин Субанбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Министрдин айтымында, бул маселе боюнча учурда Республикалык ыкчам штаб карап жатат. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген сунушу боюнча чечим кабыл алынат.

“Бул маселени биз чечпейбиз, азырынча ички каттамдагы жолдор качан ачылаары белгисиз”, - деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн