Бугу 15, 2024
Убакыт: 18:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда импорт азайып, инвестиция өстү,- Абылгазиев

20.03.2020 11:43
827
Кыргызстанда импорт азайып, инвестиция өстү,- Абылгазиев


Кыргызстанда өткөн жылы импорт 7.3 пайызга азайып, түз инвестициялар 876 миллион долларга жеткен. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-мартта көпчүлүк коалициясында өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.  


Анын айтымында, экспорттун жалпы суммасы дээрлик  2 миллиард долларга жакындап, өсүү 7 пайызга жеткен.


Ошондой эле, "Айыл чарбасын каржылоо - 7" мамлекеттик программанын алкагында 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилип, анын жалпы көлөмү 5,2 млрд сомду түзгөн. 


«Дыйкандарга 824 милллион сомго 341 даана техника лизинг катары берилди. Кайра иштетүү ишканаларына салык 80 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Былтыр 3 чоң соода логистикалык борбору, 7 жашылча жемиш сакталуучу жай, 28 күнөскана, 7 айыл чарба кооперативи, 19 МТС, 8 мал союучу жай ачылды. Курулуш көлөмү 172 млрд сомду түздү", - деди пермьер-министр.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн