Бугу 20, 2024
Убакыт: 16:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда инфляциянын жылдык көрсөткүчү басаңдоодо, - Улуттук банк

31.10.2023 12:56
846
Кыргызстанда инфляциянын жылдык көрсөткүчү басаңдоодо, - Улуттук банк


Кыргызстанда инфляциянын жылдык көрсөткүчү басаңдоодо: 2023-жылдын октябрында (20-күнү) инфляция жылдык мааниде 9,2% түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери өлкөдө баанын жалпы деңгээли 6,7%га өскөн.

"Инфляциянын азык-түлүк компоненти баанын өсүшүнүн басаңдагандыгын көрсөтүп турат. Бирок, кызмат көрсөтүүлөргө жана азык-түлүк эмес товарларга баалар мурдагыдай эле деңгээлде калууда, бул инфляциянын мурда белгиленген жана пайда болгон факторлорунун (анын ичинде администрацияланган баалар менен тарифтердин жогорулашы) таасирин чагылдырат", - деп кошумчалады ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн