Июль айында Кыргызстанда бензиндин кымбатташы уланган. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.
АИ-95 ай башынан бери 1,32 сомго — 62,08 сомдон 63,2 сомго кымбаттады. АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 0,37 сомго - 56,71 сомдон 57,08 сомго кымбаттады. Дизель майынын баасы дээрлик өзгөргөн жок жана азыр 70,64 сом турат.
Былтыркыга салыштырмалуу бензин 2,62 жана 4,75 сомго арзан. Дизель майы 2022-жылдын июнь айынын ортосуна караганда 4,05 сомго кымбаттады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн