Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстанда издөөдө жүргөн адам Москвада кармалды

02.06.2020 18:39
1011
Кыргызстанда издөөдө жүргөн адам Москвада кармалды

 

Кыргызстанда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран Москва шаарында кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, 2019-жылдын бери издөөдө жүргөн Талас облусунун 1992-жылы туулган Ч.Н. аттуу тургуну кармалды. Ал Кыргызстандын аймагында мыйзамга туура келбеген иш-аракеттерди жасаганга шектелип, мамлекеттер аралык издөөгө берилген болчу.


Ал 2015-жылы өзүнө тиешелүү деп көрсөткөн Mercedes-Benz Sprinter унаасын Mazda Atenza жана Subaru Forester унааларына алмаштырган. Кийин Мерседес шектүүнүн наамында эмес, анын жакын туугандарынын атында болгону аныкталган. Мындан тышкары аталган спринтер кредиттик компаниялардын биринде күрөө катары катталганы маалым болгон.


Ал эми Ч.Н. Мазда менен Субарунун бирин сатып, экинчисин башка унаага алмаштырып, алган унааны ломбардга күрөөгө коюп акчасын алган бойдон дайынсыз жоголгон. Шектүүнүн кылмыштуу жоруктарынын кесепетинен жабырлануучуга 607 миң сом өлчөмүндөгү чыгым келтирилгени аныкталган.


Маалыматка таянсак, учурда Ч.Н. Москва шаарынын СИЗОсунда жана аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча маселе каралууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн