Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 04:09
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кыргызстанда кагаз түрүндөгү маалымкаттарды же документтерди суроо процедурасы жоюлду

06.04.2021 12:07
844
Кыргызстанда кагаз түрүндөгү маалымкаттарды же документтерди суроо процедурасы жоюлду

1-апрелден тарта физикалык жана юридикалык жактардан кагаз түрүндөгү маалымкаттарды же документтерди суроо процедурасы жоюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.


Документке ылайык, төмөнкүлөрдү камсыздоо тапшырылды.


- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда сервистердин иштөөсүн жана маалымат алмашуусун камсыздоо;


- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандары, талап кылынган жерге кайрылган учурда, маалым каттарды жана/же документтерди кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине берилүүсү;


- Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген өз ыйгарым укуктарынын жана компетенциясынын чегинде жеке маалыматтар менен иштөөнүн укуктук негиздери болгон бөлүктөрдө "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" мыйзамдын сакталышын камсыздоо.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн