Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:24
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстанда калктын 70 пайызын жаңы жылга чейин эмдөөдөн өткөрүү пландалууда

17.08.2021 14:11
438
Кыргызстанда калктын 70 пайызын жаңы жылга чейин эмдөөдөн өткөрүү пландалууда

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2022-жылдын 1-январына чейин калктын 70%ын эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Анын айтымында, азыр 586 миң кыргызстандык эмдөөдөн өттү.


“Вакцинаны толук алган мамлекеттик бөлүмдөр да бар. Акыркы маалыматтарга караганда, өлкөдө калктын 38% коронавирус инфекциясы менен ооруган”, - деди ал.


Бейшеналиев белгилегендей, эгерде калктын 70%ы эмдөөдөн өтсө, анда COVID-19дун төртүнчү толкуну болбойт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн