Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда калктын өсүү темпи кескин төмөндөдү

13.07.2021 11:19
1087
Кыргызстанда калктын өсүү темпи кескин төмөндөдү

2020-жылы калктын табигый өсүшү 113 миң адамды түздү. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 21 миң адамга, же 15% га азайган. Калктын өсүү темпи 2,1% дан 1,7% га чейин төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.


Өлкөнүн калкынын саны 2021-жылдын 1-январына карата 6 миллион 637 миң адамды түздү.


Улуттук статистикалык комитетте түшүндүрүлгөндөй, калктын өсүшүнүн төмөндөшүнө төрөлгөн балдардын азайышы жана өлүмдүн көбөйүшү себеп болгон.


2020-жылы өлкөдө 158 миң бала төрөлүп, 9% га же 15 миң балага азайган. Өлүм деңгээли 40 миң адамды түздү, өсүш 20% ды түздү же 2019-жылга салыштырмалуу 6,7 миң адамга көп болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн