Бугу 05, 2024
Убакыт: 12:13
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстанда калктын саны дээрлик 7,2 млн адамды түздү

25.04.2024 16:20
112
Кыргызстанда калктын саны дээрлик 7,2 млн адамды түздү


Кыргызстандын калкынын саны дээрлик 7,2 млн адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалында айтылат.

Документте 2024-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 18,? миң адамга, же 0,3%га өсүп, 2024-жылдын 1-мартында 7 млн 181 миң адамды түзгөндүгү айтылат.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын январь-февраль айларында Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында 23,3 миң жаңы төрөлгөн ымыркай катталган, же калктын 1000ине 19,8 (2023-жылдын январь-февралында 19,6) жана 5,9 миң бала каза болгон, же 1000ине 5 бала (2023-жылдын январь-февралында 4,7) туура келет.

Натыйжада калктын табигый өсүшү 17,4 миң адамды же 1000 калктын 14,8ин түздү (2023-жылдын январь-февралында 14,9).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн