Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда канча ИВЛ аппараты жана кычкылтек концентратору бар?

14.07.2020 10:35
1142
Кыргызстанда канча ИВЛ аппараты жана кычкылтек концентратору бар?


Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова учурда республиканын аймагында канча ИВЛ аппарат жана кычкылтек концентратору бар экенин брифингде айтты.


“Иштеп жаткан 572 өпкөнү жасалма дем алдыруу аппарат бар. Пандемия башталгандан бери 23 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар келди. Мындан сырткары 5 sep аппарат, 130 БИПАП-аппараты алынды. Донорлордун каражатарынын эсебинен дагы 63 ИВЛ аппаратка тендер өткөрүлдү. Өткөн жумада Өзбекстандан 100 БИПАП-аппараты келип, шаардагы бейтапканаларга берилди. Дагы 220 ИВЛ аппаратка муктаждык бар.

Ал эми буга чейин 610 кычкылтек концентратору бар болгон. Жакында эле 1000 даана кычкылтек концентраторун  Кытай менен Түркия жардам катары берди. Ошондой эле Кытайдан дагы келет”, - деди Акматова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн