Бугу 15, 2024
Убакыт: 07:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Кыргызстанда кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого тыюу салынды

07.08.2023 13:03
437
Кыргызстанда кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого тыюу салынды


Министрлер кабинети 7-августтан тарта баалуу металлдарды, сыныктарды жана кара металл калдыктарын экспорттоого чектөө киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Баалуу металлдарды жана алардын чийки затын экспорттоо үчүн алты айга - 500 килограммдан ашпаган өлчөмдө сандык чектөөлөр киргизилгени такталган.


Ушул эле мезгилде сыныктарды, кара металлдарды жана алардын калдыктарын Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары алып чыгууга тыюу салуу киргизилген.


Белгиленгендей, Экономика жана коммерция министрлигине киргизилген чектөөлөр тууралуу ДСУга жана ЕАЭБге билдирүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн