Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 12%га азайган

25.03.2024 12:03
107
Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 12%га азайган


Кыргызстанда жумушсуз катары 65,1 миң адам жумушсуз катары катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комиттетин маалыматында айтылат.

Документке ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, жумуш менен камсыздоо мамлекеттик органдарында жумуш издеген жаран катары каттоодо тургандардын саны 2024-жылдын 1-мартына карата 87,9 миң адамды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,6%га аз, анын ичинен жумушсуз катары катталган адамдардын саны 65,1, же 12%га аз.

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,3%ын аялдар түздү. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,4%ды түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн