Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:34
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү пилоттук долбоор ишке кирет

05.12.2022 12:28
396
Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү пилоттук долбоор ишке кирет

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко жана “Сифания-Экотехника” унитардык ишканасынын директорунун орун басары А.Соболевский менен жолугушуу ѳттү.


Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда экология, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, таштандыларды чыгаруу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.


Жолугушуунун жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары министрлиги менен “Сифания-Экотехника” ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Мындан тышкары, учурда Кыргызстандын аймагында катуу тиричилик жана өндүрүш калдыктарын кайра иштетүү боюнча пилоттук долбоор иштелип чыгууда.


Беларусь компаниясы ѳндүрүш жана тиричилик калдыктарын иштөөнүн жогорку технологиялык концепциясын иштеп чыгуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн