Бугу 21, 2024
Убакыт: 08:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда кайра карантиндик чектөөлөр кириши мүмкүн

16.03.2021 12:03
557
Кыргызстанда кайра карантиндик чектөөлөр кириши мүмкүн

 Кыргызстанда кайра карантиндик чектөөлөр кириши мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев "Марал" радиосуна берген маегинде билдирген.


Анын айтымында, дүйнө коомчулугу карантиндик шарттарды катуу сактоого киришти. Эгерде жарандар мындай чараларга кайдыгер карай турган болсо, вирустун жайылышы кайрадан күчөп кетет.


«Беткап кийбесек, илдеттин жаңы штаммы келе турган болсо, өткөн июлда болгон окуялар бери жакта калат. Биз бир нерсени бат унутуп калуу адатыбыз бар. Карантиндик шарттар сакталбагандыгы үчүн толкундар кайра пайда болууда. Элдин арасында оору өсө баштаганда, карантиндик чектөөлөрдү кайра киргизүү керек. Биз да беткап такпай, айтылгандарды укпасак, чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз», — деди Үсөнбаев.

Ал белгилгендей, чектөө кирип калса, массалык иш-чараларга тыюу салынышы ыктымал. Авиакаттамдар, олбустар аралык каттамдар токтотулушу мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн