Эл аралык республикалык институт Кыргызстанда болуп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий абал боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Бул тууралуу "Азаттык" үналгысы билдирди.
Социалдык тармакты ала турган болсок сурамжылоого катышкан калктын көпчүлүгү азык-түлүккө болгон баанын кымбатташын белгилеген. Ал эми экономикалык тармакта миграциянын токтоп калганы өлкөнүн экономикасына чоң тийгизерин билдирген.
Саясий аренада жүргөн саясатчылардын рейтинги боюнча да сурамжылоо жүргөн. Анын натыйжасында өлкөдөгү акыркы президенттик шайлоодон кийин Садыр Жапаровдун рейтинги эң жогорку деп бааланган. Экинчи орунда Камчыбек Ташиев турса да анын рейтинги акыркы кезде кескин көтөрүлгөн. Үчилтикти болсо Нуржигит Кадырбеков жыйынтыктайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн