Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 5,4 пайызды түздү.
Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 10,6 пайызга, азык - түлүк эмес товарларга – 4,9 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 3,8 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер - 7,9 пайызга жогорулады.
Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (7,0 пайыз) Ысык-Көл облусунда катталды.
Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылдын январь-октябрында 13,4 млрд. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 6,4 пайызга көбөйдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 25,2 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 1,8 пайызга көбөйгөн.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2024-жылдын январь-октябрында 4,2 млрд долларды түздү жана 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 13,7 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (71,8 пайыз) жана Казакстанга (26,4 пайыз) туура келди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн