Бугу 01, 2025
Убакыт: 12:16
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Кыргызстанда кимдер мамлекеттик чыккынчы жана тыңчылык кылышкан?

16.04.2021 17:20
954
Кыргызстанда кимдер мамлекеттик чыккынчы жана тыңчылык кылышкан?


Кылмыш кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси бактыга жараша, практикада сейрек колдонулуп, ЖМКлар билип калган ар бир учур резонанс жаратат. Юристтер белгилегендей, “Тыңчылык” менен “Мамлекеттик чыккынчылык” беренелери экөө бирдей эле. Бир гана айырмасы тыңчылык деп Кылмыш кодекси боюнча чет өлкөгө тыңчы болгон жарандар эсептелет.  

24.kg агенттиги Кыргызстанда ушундай оор кылмыш менен кимдерге иш козголгонун эске салды.

БИРИНЧИ

Эгемендүүлүк өлкөнүн тарыхында биринчи жолу мамлекеттик чыккынчылык боюнча 2004-жылы кылмыш иши козголгон. Анда Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери Кельсинбек Акималиев чыккынчы болуп табылган.

Кельсинбек Акималиев оппозициядагы эл өкүлдөрү Алишер Абдимомунов менен Исмаил Исаковго сыр болгон маалыматтарды алып берген деп шектелген. Жыйынтыгында ага 20 миң сом көлөмүндө айып пул салынган.

КЫТАЙ ИШИ

2007-жылы УКМК мамлекеттик чыккынчылык кылды деген шек менен парламенттин басма сөз кызматынын консультанты Жыпаркуль Арыкованы кармаган. Бул ишке аны менен кытай жараны чогуу кирген.

УКМКнын маалыматына караганда, Жыпаркуль Арыкова чет өлкөлүк тыңчылык кылуу менен акча үчүн бир нече жолу маанилүү маалыматтарды берип турган.

Парламенттин Басма сөз кызматынын кызматкерине ошол кезде журналисттер жана укук коргоочулар болушуп чыгышкан. Алар иш боюнча тергөөдөгү далилдердин жеткиликтүүлүгүнөн күмөн санап, Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорлору ачык талкууланат жана эч кандай жашыруун сыр жок деп эсептешкен.  

Бир жылдан кийин Жогорку Кеңештин кызматкерин мамлекеттик чыккынчылыкка айыптоону алып таштап, “Кызматтык сырды түзгөн маалыматтарды чет элдик уюмдарга өткөрүп берүү максатында чогултуу же берүү” беренесине кайра квалификациялоо менен үч жылга жатак-абагына жаза өтөөгө соттогон. Ал эми кытай жараны Усек Исмаилди тыңчылык кылганы үчүн 12 жылга эркинен ажыраткан.

ОФИЦЕР ИШИ

2007-жылы мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, Коргоо министрлигинин чалгындоо башкы башкармалыгынын мурдагы кызматкери Валерий Пацула жана УКМКнын ошол кездеги кызматкерлери Александр Гриб, Максат Мамырканов жана Владимир Бережной кармалышкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталгандар Россиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин бирине мамлекеттик сыр болгон маалыматтарды өткөрүп берген деп шек саналган. Пацулу жана Бережной күнөөлүү деп табылып, аларга 13 жана 14 жылга абакта жаза өтөө өкүмү чыгарылган. Ал эми эки кызматкерге - Гриб менен Мамыркановго 4 жылдан камакка алуу жазасы берилген.

ЧИНОВНИКТИН ИШИ

2014-жылы УКМК кызматкерлери экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиевди кармашкан. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык сырды түзгөн маалыматтарды чет элдик уюмдарга өткөрүп берүү максатында чогултуу же берүү” беренеси боюнча айып тагылган.

Ошол учурда Алтынбек Муралиев өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Бул иш боюнча тергөө жарым жылга созулган. Айрым маалыматтарга караганда, кенже Муралиев чет элдиктерге жашыруун маалыматтарды берип турган. Мурунку чиновник күнөөнү четке каккан. Ошол учурда анын кызыкчылыгын коргогон адвокаттардын айтымында, тергөө чиновник кандайдыр бир маалыматтарды берген адамдарды аныктай алган эмес. Тергөөчүлөр тарабынан ачылган жалгыз факт, жактоочунун айтымында – жашыруун документтер менен иштөөдөгү мыйзам бузуу.

Натыйжада, 2016-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Муралиевди 12 жылга эркинен ажыраткан, ал эми экинчи инстанция бул жазаны күчөтүп, 22 жылга эркинен ажыратуу мөөнөтүн белгилеген.

Жаңы кылмыш-жаза мыйзамдары күчүнө киргенден кийин, Бишкек шаардык соту Муралиевдин ишин кайра караган. 2019-жылы министрлер кабинетинин мурунку башчысынын уулунун жаза өтөө мөөнөтү жети жылга кыскартылган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин ал жатак-абакка которулган.


МОСКВАЛЫК ШПИОН

Кыргызстандыктарды мындай оор кылмыш үчүн үйүндө гана соттошпойт.

2014-жылы Москвада тыңчылыкка айыпталып, Кыргызстандын атуулу Рустам Хайбулин 17 жылга эркинен ажыратылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Кыргызстандын пайдасына тыңчылык кылган. Ал 1989-жылы Челябинсктеги жогорку командалык танкалык окуу жайын аяктаганы белгилүү. Бир нече жыл кызмат өтөгөндөн кийин, Россиянын паспортун тапшырып, мекенине кайтып келип, УКМКда кызмат өтөгөн.

Көп жылдар өткөндөн кийин, аскердик пенсионер болуп туруп, ал үй-бүлөсү менен Россияга туруктуу жашаган жерине кайтып барууну чечкен, бирок камакка алынып, мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган.

Адвокат Чолпонбек Айтбаев, айыпталуучулардын иш аракеттеринде кылмыштын курамы жок экендигин белгилеген. Анын айтымында, мамлекеттик айыптоо ЖМКларда жана интернетте жарыяланган материалдарды, башкача айтканда, мамлекеттик жашыруун сырларга эч кандай тиешеси жок макалаларды көрсөткөн.

Натыйжада, адвокаттардын жүйөөлөрүнө карабастан, Жогорку сот мурунку инстанциялардын катаал өкүмдөрүн күчүндө калтырган.

 САЯСАТ ТААНУУЧУНУН КАРМАЛЫШЫ

2021-жылдын 13-апрелинде УКМК чыккынчылыкка шектелип эки жаран кармалгандыгы тууралуу маалымат таратты. Кийинчерээк кармалгандардын бири белгилүү саясат таануучу Марат Казакпаев, экинчиси Кыргыз Республикасындагы казак диаспорасынын экс-башчысы Марат Токтоучиков экендиги белгилүү болду.


Саясат таануучу кантип мамлекетке чыккынчылык кылышы мүмкүн экендигин коомчулукка түшүнүксүз.

Марат Казакпаев мамлекеттик кызматкер эмес, анын жашыруун материалдар менен таанышууга мүмкүнчүлүгү жок.

Кылмыш ишинин чоо-жайы айтылган жок. УКМКнын түшүндүрмөсү боюнча материалдар жашыруун. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тергөө аяктаганга чейин Марат Казакпаев менен Марат Токтоучиковду камакка алды.


Тыңчылык жана мамлекетке чыккынчылык кылуу оор кылмыштарга кирет. Ушул сыяктуу кылмыш иштеринин бардыгы «Жашыруун» категориясына ээ. Адамдын тыңчылыкка катышкандыгын далилдөө кыйын. Эксперттер, Кыргызстан географиялык жактан көптөгөн жакынкы өлкөлөр үчүн ыңгайлуу жайгашкан, ошондуктан алардын ар бири үчүн белгилүү бир жашыруун маалыматты алуу маанилүү, деп эсептешет.

Бирок, жогорудагы окуялар боюнча маалыматтарды талдоо менен, алар шпиондук жана чыккынчылыкка барбасын түшүнөсүӊ.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн