Бугу 21, 2024
Убакыт: 05:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда кырдаалдын начарлашына байланыштуу элчилик Россиядагы мигранттарды барбай турууга чакырды

22.07.2020 11:18
1098
Кыргызстанда кырдаалдын начарлашына байланыштуу элчилик Россиядагы мигранттарды барбай турууга чакырды

 

 

Кыргызстанда эпидемиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу туруктуу авиакаттамдар ачыла элек жана россия-казакстан чек арасы жабык. Бул тууралуу Россиядагы КР элчилигинин басма сөз кызматы маалымдады.

 

Буга байланыштуу элчилик кыргыз жарандарын чыдамдуу болууга жана россия-казакстан чек арасы тарабына барбоого чакырды.

 

“Бүгүнкү күнгө чейин элчиликтин жана КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн сайттарында, ошондой эле социалдык тармактарда 4 миңден ашык вакансиялар жөнүндө маалымат жайгаштырылган, - деп эскертти элчилик.

 

Ошондой эле Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал татаал болгонун эске алып, мекенге тез арада чыгууга себептери жок жарандарды, мүмкүн болсо, кырдаал турукташмайынча Кыргызстанга кайтуудан баш тартууга элчилик чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн