Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кызамык жана кызылча оорусу тууралуу маалымат таратты.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын 3-апрелине карата кызамык жана кызылча оорусу катталууда.
2023-жылдын башынан бери 41 кызамык жана 6 кызылча оорусу аныкталган. Аймактар боюнча: Бишкек шаары - 8, Жалал-Абад облусу - 2, Ош облусу - 20, Ош шаары - 7, Баткен облусу - 2, Чүй облусу - 2.
Негизги себеп болуп балдарды жана чоңдорду кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу иммунизациялоонун камтылышынын төмөндөшү саналат, өсүш профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тарткандардын арасында болууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн