Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 10:04
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Кыргызстанда компьютердик томографтар санариптик бирдиктүү түйүнгө кошулду

21.06.2023 16:50
385
Кыргызстанда компьютердик томографтар санариптик бирдиктүү түйүнгө кошулду


Облустук бириктирилген ооруканаларга орнотулган беш компьютердик томограф медициналык сүрөттөрдүн санариптик бирдиктүү түйүнүнө кошулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.


Демилгенин негизги максаты — медициналык сүрөттөр менен алмашууну жеңилдетүү. Мындай ыкма аймактардагы бейтаптардын диагностикадан өтүүсүн жана дарыланууну баштоосун кыйла жеңилдетет.


"Санариптик саламаттык сактоону туруктуу өнүктүрүү — реформанын негизги бөлүгү. Биз "маалыматтар бейтап менен кошо жүрөт" принцибин ишке ашырышыбыз керек", — деди министрликтин жетекчиси Гүлнара Баатырова.


Алдыңкы улуттук борборлор жогорку квалификациялуу дарыгерлер менен биргеликте компьютердик томографиядан келген санариптик сүрөттөрдү сүрөттөө менен алектенишет. Мындай нерсе жыйынтыкты сапаттуу жана так чечмелөөгө кепилдик берет.


"Санариптик медициналык сүрөттөрдү сактоонун бирдиктүү системасын түзүү андагы маалыматтарды медициналык окуу жайлардын студенттерин окутууда, практикадагы дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууда дагы колдонулат", — деп айтылат маалыматта.


Эң башкысы, мурдагыдай болуп сүрөттөрдү мекемеден мекемеге жөнөтүү зарылчылыгы жоюлуп, убакыт үнөмдөлөт. Чыгым дагы азаят.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн