Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:59
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 24%ды түзөт

24.12.2021 13:02
1584
Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 24%ды түзөт

Республикадагы көмүскө экономиканын көлөмү 24%ды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Салык кызматынын төрагасынан орун басары Бекболот Алиев  маалымат жыйынында билдирди.


Бирок анын айтымында, башка эл аралык уюмдардын талдоосунда ал 40%га чейин жетет. Эгерде өлкөдө ИДП 700 млрд сомдун тегерегинде болсо, 40%ы 300 млрд сомду түзөт.


Ошондой эле жаңы Салык кодексине ылайык, ККМди милдеттүү киргизүү боюнча өтүп жаткан пресс-конференцияда Алиев ККМди колдонуу бул бизнес жүргүзүүнүн цивилизациялуу жолу экенин белгиледи.


«Калк менен эсептешүүдө ККМди колдонуу жалпысынан соода эрежелеринин талабы. Бул Салык кодексинин жаңы редакциясына эч кандай тиешеси жок. Бул бизнес жүргүзүүнүн цивилизациялуу ыкмасы, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо болуп саналат. Биз бардык соодагерлер өз ишинде ККМди колдонушу үчүн белгиленген стандарттардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча иш-чараларды жаңыдан баштадык. Бүгүнкү күндө анын программалык жана аппараттык деген эки түрү бар. Аппараттык бул ири бизнес үчүн ылайыктуу. Анын баасы 10 миң сомдон башталат. Бирок программалык ККМди биз бекер орнотуп беребиз», – деди Алиев.


Ошондой эле Салык кызматынын билдирүүсүндө бүгүнкү күндө контролдук-кассалык машиналарды 29 миңге жакын ишкер колдонот, бирок ККМди колдонууга милдеттүүлөрдүн саны 60 миңге жетет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн