Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанда коронавирус дагы 2 адамдан табылды

21.03.2020 18:08
1445
Кыргызстанда коронавирус дагы 2 адамдан табылды


Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 2 учур катталды. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, жуктургандардын бири Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортунун авиабазасында обсервацияда болчу. Ал эми, экинчи адам кичи ажыдан келип, Бишкек шаарындагы “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган жаран.


Учурда коронавирус илдетин жуктурган адамдардын жалпы саны 14 адамга жетти.


Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген адамдар.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Рита
Дуйнодо эмне болгонун коруп туруп сыртка чыкпай эле койбойбу десен.