Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:07
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанда коронавирус дагы 26 адамдан аныкталды, алардын бири 6 жашар бала

24.03.2020 12:54
3496
Кыргызстанда коронавирус дагы 26 адамдан аныкталды, алардын бири 6 жашар бала


Бүгүн Республикалык штабда cаламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков коронавирус боюнча өлкөдө болуп жаткан учурдагы абал тууралуу айтып берди.


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды. Мындан улам, Кыргызстанда жалпы 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. Алар төмөнкү медициналык мекемелерде жайгашкан:


Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада;


Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында;


Ноокат аймактык ооруканасында;


Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында;


Баткен облустук бириккен ооруканасында;


Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы 4 адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыгарылды (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө). Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү реакция болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.


Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял). Алардын арасында бир жашка чейинки 2 бала бар.

 

 

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Акжол
Карантинди жакшы сакташ керек
Бермет
Аллахым озу сактасын, бул да болсо сыноо! Сабыр тилейм мусулман калкыма. Аты жаман нерседен Аман-эсен айыгып кетишсин. Мекенибизге бакубатчылык орносун!!! Биз да Москва шаарында ушундай абалда уйдон чыкпаганга аракет кылып, Аллахтан ыйбаа сурап отурган чагыбыз.
Бактыгул
Кытайда башталды дегенде эле полный границаларды жаап салышса ушунчалык болмок эмес менин ойум.Алакандай. Кыргыз элибиз аман болсун.
Нуржан
Кытайда башталганда жабыш керек эле акча деп жулкунбай
София
Кудай озу сактасын деп отуралы,бул да болсо сыноо.