Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

2-апрель: Кыргызстанда коронавирус дагы 5 адамдан аныкталды (видео)

02.04.2020 09:08
1089
2-апрель: Кыргызстанда коронавирус дагы 5 адамдан аныкталды (видео)


Өлкө аймагында 2-апрелге карата COVID-19 илдетин дагы 5 адам жуктурду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйында айтты.

 

Маалыматка ылайык, жаӊы тастыкталган учурлардын экөөсү сырттан келген жарандар, үчөө ооругандар менен байланышта болгондор. Илдетке чалдыккандардын бирөө Ош шаарынын тургуну, экөө Ноокат районунун, экөө Кызыл-Кыя шаарынын тургундары. Муну менен өлкөдө илдетти жуктургандардын саны жалпы 116 адамга жетти.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн