Өлкөдө бир сутка ичинде 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жыйында билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 3, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 1 жана Бишкек шаарында – 1 учур.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 140 учур катталды.
Үсөнбаевдин айтуусуна караганда илдеттен айыккан ак халатчандардын саны ондон ашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн