Өлкөдө бир сутка ичинде жалпысынан 23 бейтап ооруканадан
айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары
Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында – 7, Бишкек шаарында – 9 жана Жалал-Абад облусунда – 7 адам бейтапканадан чыкты. Муну менен Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 114 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Ал эми коронавирустан Кыргызстанда баш аягы 5 адам каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн