Баш оона 22, 2025
Убакыт: 16:22
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын саны азайганы айтылды

04.08.2022 12:53
682
Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын саны азайганы айтылды

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны азайгандыгы байкалууда. Бул тууралуу  Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды алдын алуу жана эпиемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.


Анын айтуусуна караганда, 2020-2021-жылдарга салыштырмалуу бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абал кооптонууну жаратпайт.


"Бейтаптардын 80-90 пайызында оору жеңил өтүп, амбулатордун дарыланышууда. Илдеттен каза болгондор катталган жок", - деди ал.


Андан тышкары, Оторбаев кошумчалагандай, көпчүлүк учурда 30 жаштан 60 жашка чейинки активдүү курактагы жарандар ооруп жатат.


Эске сала кетсек, Кыргызстанда өткөн аптада (25нен 31-июлга чейинки аралыкта) коронавирустун жаңы 1 миң 91 учуру катталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн