Кыргызстанда- 7-ноябрдан 14-ноябрга чейинки аралыкта коронавирустун жаңы 19 учуру катталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, катталган учурлардын ичинен төртөөсү ооруканага жаткырылып, 15и үй шартында дарыланууда.
2022-жылдын 14-октябрына карата өлкөнүн бардык облусу “жашыл зонада” жайгашкан.
Ал эми 2022-жылдын 10 ай 14 күнүнө карата коронавирустун 21 миң 735 учуру катталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн