Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда коронавирус туу чокуга жетти, - Министрлик

28.05.2020 17:48
1462
Кыргызстанда коронавирус туу чокуга жетти, - Министрлик


Коронавирус боюнча абал турукташып калды эле, акыркы эки күндөн бери кайра кескин курчуп кетти, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып.

Орун басардын айтымында, айрым мүчүлүштүктөрдөн улам коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп кетти. “Бул жерде объективдүү да, субъективдүү да себептер бар. Бирок эң негизгиси жалпы элге тарай турган абалды токтотуп калдык. Кечээ Ошто массалык катталгандар перинаталдык борбордо жаткандар, ошондой эле Нарын облустук ооруканасында жаткандардын ичинен чыгып жатат. Мындан тышкары сырттан келген жарандардан көп чыгып жатат”, - деди ал.

Каратаев белгилегендей, Нарын облусунда айрым мүчүлүштүктөрдөн улам үч учурдан бүгүнкү күндө 310 адамга чейин жетти. Байланышта болгондорду камоого алгандан бери абалды турукташтырып калууга жетишип калдык, деп ойлойм. Бирок учурда коронавирус туу чокуга жетти, деди Каратаев.  

Кыргызстан кооптуу мамлекеттердин катарына киреби, себеби Япония Кыргызстандан барган жарандарды киргизбей жатыптыр?”, - деген суроого министрдин орун басары бул боюнча анын маалыматы жок экенин, түштүктө 2 ай, Нарында 2 жума жүрүп келгенин, бул боюнча кабардар эместигин кошумчалады. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн