Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:04
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Кыргызстанда 9 дарыгер коронавирус жуктуруп алды

04.04.2020 10:46
917
Кыргызстанда 9 дарыгер коронавирус жуктуруп алды


Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 144кө жетти, анын арасында 9 дарыгер бар. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов брифинг учурунда билдирди.


"Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медицина кызматкерлери да бар. Кечээ алар 8 болчу бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр", - деди Мамбетов.


Анын айтуусуна караганда COVID-19 вирусун жуктуруп алган 9 медкызматкердин 7си Жалал-Абад облусунда, бирөөсү Бишкекте,  Ошто бир дарыгер ооруга чалдыккан.


4-апрелге карата СOVID-19 вирусуна жаңы чалдыккандар:

Бишкек – 15 

Ош ш. – 12

Ош облусунда – 35

Баткен облусунда – 3

Джалал-Абад облусунда  – 67

Чуй обсусунда – 6

Иссык-Куль обслусунда – 2

Нарын обслусунда – 4


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн