Кыргызстанда 6-апрелге карата жаңы 69 коронавируска чалдыккан учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 6-апрелде онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата жаңы 69 жарандан оорунун козголушу аныкталды. Алардын бардыгы обсервацияда жаткан жарандар болчу. Бир кишинин клиникалык белгилери бар.
COVID-19 менен каталгандардын жалпы саны 216. Алар:
Жалал-Абад облусу - 80
Ош облусу - 94
Бишкек - 25
Баткен облусу - 4
Нарын облусу - 5
Ысык- Көл облусу - 3
Чүй облусу - 5
Ал эми 33 жаран сакайды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн