Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:20
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 107 адамга жетти

31.03.2020 12:04
1048
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 107 адамга жетти

                  

Өлкө аймагында коронавирус илдетин жуктургандардын саны 107 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-мартына карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 13 жаӊы учуру катталган.

Бишкек ш. – 1
Нарын облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 2
Чүй облусу – 1
Ош облусу – 5
Жалал-Абад облусу – 1

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.  Алардын бардыгы ооруканага жаткырылып, тиешелүү дарылоо иштери жүргүзүлүп жатат.


Эске салсак, буга чейин республика боюнча илдет 94 адамга жеткени кабарланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн