Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 3 адамдан көбөйгөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев айтты.
Маалыматка ылайык, 144 адам текшерилип 142 адам обцерваияга жаткырылган. Ал эми 2 адам Өзбекстанга чыгып кеткен.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адам коронавирус илдетине чалдыккан болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн