Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрүү үчүн 10 мобилдик лаборатория курулат

24.05.2020 11:10
1318
Коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрүү үчүн 10 мобилдик лаборатория курулат

 

Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрүү үчүн 10 мобилдик лаборатория куруу каралган. Бул тууралуу 24-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Анын айтымында, коронавирустун экинчи толкуну менен күрөшүү үчүн учурда биринчи кезектеги тапшырмалар берилген.

“Элдин саламаттыгына жана экономикага ири сокку ура турган экинчи толкундун болуусун эч ким четке кага албайт. Ошондуктан биз алдын ала тийиштүү чараларды көрүп жатабыз. Профилактикалык иштерди мөөнөтүнөн мурда жүргүзөбүз, себеби сасык тумоонун оор түрү жана коронавирустун экинчи толкуну болсо анда абал кыйын болуп калат. Жеке коргоонучу каражаттар алынып, лабораториялык база даярдоого чоң иштер жасалууда. 10 мобилдик лаборатория куруу каралган. Учурда ПЧР тесттерин сатып алуу үчүн тендерлер жүрүп жатат. Биз коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну башталгыча тийиштүү даярдыктарды көрүшүбүз керек”, - деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн