Теке 08, 2025
Убакыт: 04:39
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат

Кыргызстанда коронавируска каршы калкты эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, учурда Ош шаары жана Чүй облустарына вакцинаны жеткирүү иштери аткарылууда. Ошондой эле илимий-техникалык адистер тобу тарабынан колдоо процесси жүрүүдө.

Республиканын бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн тренингдер жүрүүдө.

Вакцина алгач Бишкек, Ош жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн