Өткөн сутка ичинде 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, көз жумган адамдарда коронавирустан сырткары өнөкөт оорулары болгон.
Каза болгондор:
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 73
жашта);
Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 53 жашта);
Токмок аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 86 жашта);
Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – 1 бейтап (эркек, 41 жашта).
Жалпы каза болгондордун
саны 92 кишини түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн