Теке 06, 2024
Убакыт: 01:24
USD
85.80
86.70
EUR
92.50
93.50
RUB
0.955
1.000

Кыргызстанда пандемиядан улам 1 млн адам жумушсуз калуусу мүмкүн

16.04.2020 17:43
919
Кыргызстанда пандемиядан улам 1 млн адам жумушсуз калуусу мүмкүн


Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин тизмегинде Кыргызстанда учурда 97 400 адам жумушсуз деп катталган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агентигине маек берип жатып айтты.


Басма сөз катчынын айтуусуна караганда Экономика министрилиги маалыматты март айынын соңунда берген.


“Биздин мекемеге Экономика министрлигинин берген маалыматы боюнча, убактылуу жумушсуз кала турган жарандардын саны 1 000 050 адам экени божомолдонгон. Бүгүнкү күндө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде 97 400 адам жумушу жок деп катталган. Ал эми Улуттук статистика комитетинин анализи боюнча 156 300 адам жумушсуз деп табылган, анын ичине жогоруда айткан 97 400 адам кирет”, - деди Кымбат Кадыралиева.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн