Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 10:02
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Кыргызстанда коронавирусту дарылоо курсунан 6 айда 18 миңден ашык адис окутулду

05.08.2020 14:11
877
Кыргызстанда коронавирусту дарылоо курсунан 6 айда 18 миңден ашык адис окутулду


Кыргызстанда коронавирус инфекциясы катталган учурдан тартып, Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун медициналык кызматкерлерди ордуна барып жана аралыктан окутуу курстарын өткөрүп жатат. Бул тууралуу институттун проректору Таалайбек Тургунбаев билдирди.


Анын айтымында, окутуу илдеттин алдын алуу, аныктоо, дарылоо жана COVID-19 алдындагы коопсуздук чаралары жана инфекциялык көзөмөл маселелери боюнча жүргүзүлөт.


2020-жылдын фервраль айынан тартып 30-июлга чейин бардыгы 18 437 адис окуудан өткөн, алардын ичинде 10931 адис аралыктан окушкан. Коопсуздук чаралары жана инфекциялык көзөмөл боюнча 7506 адис окутулуп, алардын ичинен: 3038 дарыгер, 3759 медайым, 70 ординатор жана 639 кенже жана башка персоналдар түзгөн. 


Экспресс-тестирлөө жана ПЦР-изилдөө боюнча курстарда 403 адис окутулган. Ошондой эле, “COVID-19 алдында ПЦР-диагностиканын негиздери» тездетилген программасы боюнча 50 адис окутулду.


Са
нитардык дарыгерлерди кайра даярдоону аралыктан окутуу курстары боюнча 68 дарыгер окутулду.


Оор мүнөздөгү COVID-19 жана ооруканадан тышкаркы пневмония алдындагы реаниматология маселелери боюнча 66 дарыгер окутулду. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн